Саат 20:38ге карата референдумга 30,21 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Референдумга 1 миллион 89 миң 337 шайлоочу катышты. "Макул" деп 78,85 пайыз шайлоочу, "каршы" деп 13,52 пайыз жаран добуш берди.
Референдумду өттү деп табуу үчүн 30 пайыздан жогору шайлоочу катышуусу зарыл.