Бишкекте аялды сүзүп, белгисиз тарапка из жашырган айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Курманжан Датка жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1967-жылы туулган Ш.А. аттуу аялды белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени такталган. Жол кырсыгынан жабыркаган аял ооруканага жеткирилген. Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде 1988-жылы туулган О.Н. аттуу айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилип, унаа убактылуу айып короосуна токтотулган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан