Тетиктерин сатышмак. Чүйдө уурдап бара жаткан унаа жолдон өрттөнүп кеткен

Чүй облусунун Жайыл районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү Жайыл РИИБине 56 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анда 4-апрелден 5-апрелге караган түнү Хонда Концерто үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдай качуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жана 25 жаштагы жарандар кармалышкан. Такталгандай, шектүү жарандар уурдалган унаанын тетиктерин чачып, өткөрүүгө шаарга бара жатышканда белгисиз себептерден улам жолдон унаа күйүп кеткен. Алар унаадагы өрттү өчүрө алышпай, күйгөн унааны унаа токтотуучу жайлардын бирине коюшуп, из жашырып кетишкени аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан унаа күйгөн абалда табылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2021-04-14 06:34:21
Урулук силерге капар ыссык келип кетиптир
+8
jazmina909090
2021-04-14 14:20:41
Кудайга жакпаган иш бул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан