Тибеттик буддисттердин лидери Далай-Лама эгерде өкмөт башчыларынын арасында аялдар көп болсо, анда дүйнө коопсуз болот деп эсептейт. Анын себебин ал аялдар табиятынан эркектерге салыштырмалуу боорукер болот деген жүйө менен түшүндүргөн.
"Илимпоздордун айтымында, аялдар табиятынан көбүрөөк боорукер болушат. Ошондуктан бүгүнкү күндө планетада тынчтыкка жетүү үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукердикти жайылтууда өздөрүнө көп милдеттерди алышы керек. Ансыз деле эң мыкты аял лидерлер бар. Дүйнөлүк лидерлердин арасында аялдар көп болсо, биздин дүйнө коопсуз болмок ", - деген Далай Лама.
"Мурунку башкарууда эркектер басымдуулук кылып, ал эми аялдар бир тепкич ылдый болгон. Бирок бул эскирген, артта калган ой жүгүртүү. Аялдарды өзүлөрүн жаман көрүүгө мажбур кылган мындай түшүнүктү өзгөртүү керек. Аны билимге таянуу менен гана оңдой алабыз", - деп кошумчалаган буддалыктардын руханий устаты.