реклама
super.kg logo

Баткен-Фергана-Согди облустарынын башчылары жолугушат

 

Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында, Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын чектеш облустарынын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жетекчилиги астындагы облустук делегация, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баш болгон делегация, Өзбекстандын Фергана облусуна барат.

23-апрелде Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда “Чек ара аймактарын интеграциялоо-өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы үч тараптуу бизнес-форум өтөрү күтүлүүдө.
Анын алкагында өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар өтөт жана B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.
Иш-чаранын алкагында үч облустун башчыларынын да жолугушуусу каралган.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат жана Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167712;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: