SUPER.KG порталынын кезектеги коногу Анжелика Кайратова болду. Ырчы акыркы жаңылыктары, шаардык кеңешке депутаттыкка койгон талапкерлиги, кырсыктан кийинки абалы жана социалдык тармактарда көп талкуу жараткан ырчы Гүлзада Рыскулова менен болгон пикир келишпестиги тууралуу айтып берди.
Эске салсак, ырчы шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон. Ал партиянын тизмесинде 6-катарда болчу, ал эми партияга 5 мандат берилген. Мандат жетпей калды деген кептерге ырчы: "Партиялашым биз сизден үйрөнөлү, ордумду алыңыз деп жатат", - деди.