Кара-Суудагы ок атуучу куралдан жаракат алган жарандын окуясы кылдат текшерилүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Даңги участкасында ок атуучу куралдан жаракат алган жарандын окуясы кылдат текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 9-январында болжол менен саат 12:13 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасында жайгашкан короодо, Шарк айыл аймагынын Маданият айылынын 30 жаштагы тургуну денесинен белгисиз ок атуучу куралдан жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, өндүрүш иши башталган.

"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар суралган.

Экспертизанын корутундусунда денесине жаракат алган жаран окуя болгон күнү кийген курткасына, жемпирине жана майкасына келтирилген зыян 5,6 мм. мылтыктын огунун тийүүсүнөн келип чыккандыгы, ок атуу жакын аралыктан денеге такалган абалда болгондугу жана ок TOЗ-8, TOЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу карабин же мылтыктан атылгандыгы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле ал өзүнүн берген көрсөтмөсүндө, 9-январда болжол менен саат 09:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасына өзү жалгыз Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаасы менен короосуна жылкыларынан кабар алганы барганын. Ал жерге барып короонун астында адырларга көз чаптырып турган убакта ичине бир нерсе киргендей болуп кызып кеткенин, кандай добуш чыкканын эстей албай турганын. Ошол убакта жерге отуруп 2-3 минута турганын, андан кийин дароо эле өзү айдап барган Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаасына чыгып өзү айдап жакынкы короодо коңшу болуп турган жаранды көрүп аны ооруканага алып баруусун суранганда ал атуул аны Ош облустук ооруканасына жеткиргенин билдирген.

Жогорудагы жагдайларда азыркы учурда аталган окуя боюнча жабырлануучунун берген көрсөтмөсү менен экспертизанын жыйынтыгы карама-каршы болуп, жабырлануучунун көрсөтмөсү (жабырлануучу ок алыстан келип тийди –деп кѳрсѳтмѳ берген) чындыкка дал келбей жаткандыктан, окуянын чыныгы жагдайын аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek.94
2021-04-15 04:47:28
Омурзаковтор атканын чындыка дал келтире албай убара болуп жатасынар окшойтта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан