ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин жарандары республиканын аймагына кирүүдө "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесиндеги анализдин жыйынтыктарын көрсөтө алат

Кыргыз Республикасынын аймагына "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторундагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу келүүчү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесинде көрсөтүлгөн коронавирустук инфекцияга (COVID-19) текшерүүлөрдүн терс жыйынтыктарын көрсөтө алат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына, Тышкы иштер министрлигине, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан