Депутат Рысалиев тергөө менен кызматташуу ыкмасы курал катары колдонулуп жатканын айтты

Депутат Зарылбек Рысалиев тергөө менен кызматташуу ыкмасы курал катары колдонулуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күнү тергөөнүн абалы өтө оор. Өткөндө ушул жерден президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылгам. Кайрылуу боюнча иш алдыга жүрөт эле. 2019-жылы күчүнө кирген Жазык процессттик кодексинде кемчиликтерге токтолоюн, бирдиктүү реестр максатына жеткен жок. Тергөөчүдө 500-600 кылмыш иштери топтолуп турат. Бул бүгүн, эртең оңолот деп эч ким кепилдик бербейт. Тергөөчү менен келишим деген курал катары колдонулуп жатат. Бул чындык, муну эч ким туура эмес деп айта албайт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан