"Министрдин шалаакылыгынан болду". Ички иштер министринин отставкасын талап кылган митингчилер жактоочу менен айтыша кетишти

Бишкекте Ички иштер министрлигинин алдында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу министрдин отставкасын талап кылган митинг өтүүдө. Ага 100дөн ашуун адам топтолду.

Митингге чыккандарга өзүн жактоочу Жаманкулов деп тааныштырган жаран Өндүрүш Токтонасыровду жаш балдардын башын айлантып жатат дейт. Айтымында, бул окуя боюнча кызматкерлер тиешелүү жазаларын алышып, кызматтан бошотулду.

"Эмнеге жыйналып жатасыңар? 44 кызматкер ишинен бошотулуп, жазасын алды да. Коом алдыга жылыш керекпи же ушинтип эле кыйкырып жүрө бересиңерби? Токтоткула, тарагыла!", - деди.

Ал арада сөзгө аралашкан Рита Карасартова жактоочу менен тартышып, министрдин отставкасын талап кыла берерин айтып, 44 кызматкерди жумуштан алуунун кажети жок экенин белгиледи.

"Министрдин жактоочусу бизди "тарагыла, 40тан ашуун киши кызматтан бошотулду, силерге эмне керек?" дейт. Министр кетиши керек, кызматкерлерди иштен алуунун кажети жок. Ал кызмат ордуна дал келбейт, ошонун шалаакылыгынан болду. Колунан келбейби, кетсин! Системдүү реформа болбосо өзгөрүү болбойт. Министр кетиши керек, жетишет!", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан