реклама
super.kg logo

"Кыйын экен". Борончу Кудайбергенов мамлекеттик кызматка кантип барып калганын айтып берди

 

Куудул Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевге кеңешчи болуп дайындалганын кабарлаганбыз. Куудул мамлекеттик кызмат кыйын экенин айтып, кызматка кантип дайындалып калганын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

"Эркин Тентишев экөөбүз көп жылдан бери доспуз. Ал 10-15 жылдан бери кайрымдуулук иштерин жасап, элге жардам берип келет. Мен ага жардам берип жүрөм. Бир ай болду Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Дос катары чогуу жүрүп, кеңешип жүрөбүз. Кызматка дайындалгандан кийин мени кеңешчи кылып алды. Эркин Тентишев жардам берип көнгөн киши да, көп маселени өзүнүн чөнтөгүнөн чечип жиберейин дейт. Бирок мыйзам көп учурда каршы экен.

Мен жалпыга маалымдоо каражаттары менен да иштешем. Мамлекеттик жумушта иштеген кыйын экен", - деди ал.

Буга чейин Пригородное айылында 30-35тей аял насыялары жоюлсун деген талап менен айыл өкмөттүн администрациясына чогулган. Нааразычылык акциясын уюштурган аялдарга жолугушууга келген өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жанында куудул Борончу Кудайбергеновдун жүргөнү социалдык тармактарда суроолорду жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
16.04.2021. 07:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
508
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
09-05-2021 10:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+4
Кулдуруп турганга да киши керек.
16.04.2021. 08:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
508
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
09-05-2021 10:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
-1
Жон эле койбопсун брат
16.04.2021. 08:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
654
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
08-05-2021 20:22
Жынысы:
Белгисиз
+5
Достордун заманы болбодубу,анан бизге кайдагы жумуш.
16.04.2021. 09:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
533
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
09-05-2021 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Помощник и.о губернатора по веселым делам))
16.04.2021. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
321
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
09-05-2021 01:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайдагы бир "эки алар" Самара менен Анжелика бийлике кол сунгандан кийин Борончу олтурса олтуруптур да креслого.Элге ак кызмат кылыныз.Ийгилик.
16.04.2021. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
09-05-2021 11:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми прикол же пияр учун кызматка келбей чын журоктон элге кызмат кылыш кк.
Келечекте биз мамлекеттик кызматкерлерди тандоо ачык айкын рейтинг системасын киргизишибиз зарыл,ар бир кызматкердин аткарган же башка иштери корунуп туруусу керек.
16.04.2021. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
09-05-2021 12:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал деле сага мага окшогон адам. Анында укугу бирдей. Куудул болсо эле мам кызматка барбайт деген мыйзам жокда
16.04.2021. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
453
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
09-05-2021 10:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+1
bekalife,туура соз.Мисалы,Украинанын президенти деле куудул болгон Володимир Зеленский.Мамлекеттик кызматка куудул иштебейт же иштей албайт деп эч ким тосо албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167712;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: