Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Таш-Дөбө айылында жайгашкан "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанында ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 22:09да чектөөгө алынды.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.