Зеленский украиналыктарды орусиялыктардын ордуна Түркияда эс алууга үндөдү

Украинанын президенти Володимир Зеленский Түркияга болгон туристтик агымды көбөйтүшү керек деп украиналыктарды ал жакка эс алууга барууга үндөдү. Ал азыркы тапта орусиялыктардын Түркияга барып эс алуусуна бактылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалаган. Бул тууралуу Зеленскийдин кеңсесинин Фейсбуктагы баракчасына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Орусия Федерациясынан Түркияга барган туристтерди, туризмди орусиялыктар чектейбиз деп билдиришти. Бул алардын жеке иштери. Бизге тескерисинче, туризмди көбөйтүп, Түркияны колдой тургандыгыбызды көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм", - деген өлкө лидери.

Зеленскийдин айтымында, 10-апрелде Стамбулга болгон иш сапарында ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен өз ара туризм үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан