Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
Мелдешке 57 килограмм салмакта катышкан Назира Марсбек кызы алгачкы атаандашы монголиялык Батцецег Алтанцецег аттуу балбан кызга 7:0 эсебинде жеңилип калды.
Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбан кызы индиялык Аншу аттуу балбан менен кез келет.