Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19ду уу коргошун менен дарылоо боюнча комментарий берди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү COVID-19ду уу коргошун менен дарылоого байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган уюм Кыргыз өлкөсүндөгү Aconítum soongáricum (уу коргошун) дарысын COVID-19ду дарылоодо колдонуу боюнча жаңылыктардын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатат.

"Бүткүл дүйнө жүзү боюнча клиникалык изилдөөлөр дары-дармектерди иштеп чыгуунун ажырагыс этабы болуп саналат. Жаңы дарынын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун аныктоо үчүн клиникалык сыноодон өтүп жатат. Ушул маалыматтардын негизинде саламаттыкты сактоо органдары дарыны каттоодон өткөрүү же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Клиникалык сыноолордон өтпөгөн дарыны каттоого жана калктын кеңири колдонуусуна сунуштоого болбойт.

Учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19ду дарылоо үчүн Aconítum soongáricum дарысынын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды тарата элек. Мындай маалыматтарды алуу үчүн анын фармакологиялык касиеттерин (клиникага чейинки жана клиникалык) эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө керек.

Өз алдынча дарыланбоо өтө маанилүү жана эгер COVID-19 оорусунун белгилери байкалса, дароо медициналык мекемелерге кайрылыңыз.

Уюм сизден сактык чараларын көрүүнү сунуштайт: аралыкты сактаңыз, бет кап кийиңиз, колуңузду тез-тез жууңуз, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз, бөлмөлөрдү тез-тез желдетиңиз жана COVID-19дун белгилери пайда болгондо дароо тест тапшырыңыз", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-04-16 15:35:25
Ошондо Кыргызстан ачылыш жасап калышы мумкунбу
+6
akmanai
2021-04-16 15:37:39
algakaray,Мумкун эгер сыноодон ийгиликтуу отсо.
+5
Scorpion_09
2021-04-16 15:40:20
Ийгиликтуу сыноодон өтүп, Кыргызстан ачылыш жасаса экен ...
+7
modem4999
2021-04-16 15:54:54
Ачылыш жазабай эле артка кетип баратканды тушундурбойбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан