Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышты.
Пандемияда кызыл зонада иштеген дарыгерлердин бири митингге келүү максатын айтып берди. “Кызыл зонага кирерден мурун коронавирус болуп оорудум. Ооруканада иштеп жүрүп жуктургам. Документтерди сурагандарынан баарын чогултуп бергем. Бирок бизге төлөп берген жок. Себебин кызыл зонада иштеген жоксуңар, коронавирусту болсо оорукананын ичинде жуктурдуңар дешти. Ошентип төлөбөй коюшту. Мыйзам боюнча медайымдарга 4 окладдын акчасын төлөп бериш керек экен. Бирок аны да төлөшкөн жок. Жок дегенде ошону төлөп коюшса жакшы болмок”, - деди атын атагысы келбеген медицина кызматкери.