Коопсуздук кеңеши Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт менен талкуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун жетекчилиги жана илимий курамы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар тыгыз кызматташууну жакшыртуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы негизги маанилүү саясий жана уюштуруу-башкаруу чечимдерди кабыл алуу боюнча пикир алмашкан.

Анда учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал шарттарында илимий-аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана актуалдуулугу, алардын артыкчылыктуу темаларын аныктоо боюнча талкуу болгон.

Мындан тышкары туруктуу негизде биргелешип иш алып баруу маселеси каралганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан