"Эне тилге эки мүнөт": "Кулкуну бузук", "Жылдызы жерге түшүү" фразеологизмдеринин мааниси

Тектеш кабарлар: "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын топтому (41 материал)

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "кулкуну бузук", "музоосунда сүздүрүү", "жылдызы жерге түшүү" фразеологизмдеринин маанисине көңүл бурабыз. Эл арасында аталган сөз айкаштары айтылганы менен, көпчүлүк маанисин биле бербейт эмеспи. Жогорудагы фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев айтып берди.

Кулкуну бузук - жегич, ичкич, алдым-жуттум адам. Мисалы, кулкуну бузук кузгун, ушу сага ишенген мендейлер курусун.

Музоосунда сүздүрүү - жаш кезинен, башынан эле моюн сунуп, баш ийип калуу, коркуп жалтак болуп калуу, бел алдырып коюу. Мисалы, Музоосунда сүздүрүп койгон эл колун куушуруп, коюн жетелеп, алдынан тосуп чыкты (Шүкүрбек Бейшеналиев).

Жылдызы жерге түшүү - көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Мисалы, Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Төлөгөн Касымбеков).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан