Бажы кызматынын инспектору мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалды

Мамлекеттик Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын инспектору мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 21-апрелде УКМК тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын инспектору Э.И. кармалган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Такталгандай, кармалган жаран жеке ишкерлер менен өз ара сүйлөшүп алып, Кыргыз өлкөсүнө ар кандай товарларды импорттоо жолу менен алектенишип, жүктөргө бажы төлөмдөрүсүз процедураларын жүргүзгөн. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факты боюнча тергөө иш-чаралар жүрүп жатат", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-05-13 19:58:24
Көрдүңбү Матраимов ушинтип байыган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан