"Эгиз деп төрөтүп жатканбыз". Таласта үч эм төрөлдү

Талас облусунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Талас облустук төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кенже Турсунбековага байланышканыбызда белгилүү болду.

"39 жаштагы келин кош бойлуулуктун 31-аптасында бизге 18-апрель күнү келген. Дене табы көтөрүлүп, өзүнүн толгоосу келбегендиктен операция жолу менен төрөттүк. УЗИден жана башка текшерүүлөрдөн өткөндө курсагында эгиз балдар экени көрсөтүлгөн. Ошол боюнча эгиз деп төрөтүп жатканбыз. Операция учурунда үч эм экендигин билдик. Аман-эсен төрөттүк. Үчөө тең эркек бала, айына жетпей төрөлүштү. Азыр алар доктурлардын көзөмөлүндө", - деп билдирди Турсунбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-04-26 14:26:16
Өмүрлөрүн берсин,кыргыздын чыгаан уулдарынан болсун.
+8
aiba.20201234567
2021-04-26 14:39:30
Аа болсун Аман Эсен Болсун деген ысым берсен жакшы болот...оомин
+4
akmanai
2021-04-26 18:33:41
Жожолорго ден соолук,кыргыздын керегине жараган азаматтардан болсун!
+2
Dolbooruwka
2021-04-27 06:20:11
Омурлуу балдар болушсун!Оооо жарткан Алла мага да ушундай эгиздерден насип кыла корчу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан