Жол кире тарифин өзгөртүү коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 46-беренесине ылайык, "Аналитикалык жазуу жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору" мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен, коомдук талкуу үчүн иштеп чыгуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
Талкуу учурунда келип түшкөн сунуштар реестрге киргизилет, ал ошондой эле иштеп чыгуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Реестрге киргизилген сунуш үчүн иштеп чыгуучу органдын позициясын берүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө болот. Шаардык мэрия "Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Бишкек шаардык кеңешинин долбоорун талкуулоону мурда айтылган сунуштарды эске алуу менен жарыялайт.
"Урматтуу шаардыктар, сиздердин сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди почта аркылуу күтөбүз: transport305@mail.ru", - деп айтылат маалыматта.