Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 1800дөн ашык адам өттү

Өлкө боюнча коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн акыркы бир сутка ичинде 1 миң 819 адам өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 819 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 18 миң 474 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан