Эртең, 29-апрелде Бишкектин кээ бир аймактарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 29-апрелде саат 10:00дөн 20:00гө чейин борбордун эки аймагында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Биринчиси, Ахунбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Гшлиессер көчөлөрү.

Экинчиси - Ахунбаев, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү жана "Ала-Арча" дарыясы.

"Бишкек суу канал" ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана суу камдап алууну өтүнөт.