Өлкөдө эмдөө алгандардын жалпы саны 20 миңден ашты

Өлкө боюнча бир суткада 2 миң 130 жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 146сы талапка ылайык, экинчи жолу вакцина алышты.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 20 миң 458 болду. Ал эми анын 606сы вакцинанын экинчи дозасын алышты.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаары - 3 миң 92;
Ош шаары - 2 миң 17;
Чүй облусу - 2 миң 601;
Ош облусу - 4 миң 765;
Ысык-Көл облусу - 1 миң 668;
Талас облусу - 852;
Нарын облусу - 872;
Жалал-Абад облусу - 3 миң 364;
Баткен облусу - 1 миң 222.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан