Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын имараттарында видеокөзөмөл жүргүзүүчү камералар орнотула баштады

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу жана эффективдүүлүгүн арттыруу максатында Ош шаардык ИИБинин имараттарында видеокөзөмөл жүргүзүү үчүн камера орнотуу сунушу колдоо тапкан. Учурда Ош шаардык ИИБинин борбордук аппаратынын имаратында камераларды орнотуу аяктады. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан маалымат беришти. Белгилеп кетчү нерсе, камера орнотуу иштери Ош ШИИБинин Сулайман тоо жана Ак-Буура милиция бөлүмдөрүндө аткарылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан