Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары 3-май күнү нааразычылык акциясына чыкпай тургандыктарын билдирип, кайрылуу жасашты.
Ошондой эле алар 3-май күнү маршруттук каттамдар кадимкидей иштей тургандыгын кошумчалашкан.
"Урматтуу шаар тургундары, сиздерге кайрылуубуздун себеби Баткендеги кырдаалды эске алып, жарандык милдетибизди аткаруу үчүн 3-май күнү маршруттук унаалардын токтоо күнүн жокко чыгардык. Нааразычылык акциясына эч ким чыкпайт. 3-май күнү маршруттук каттамдар кадимки эле режимде иштейт", - деп айтылат кайрылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында маршруттук унаалардын айдоочулары жол кирени жогорулатууну талап кылып, 3-май күнү эч бир маршруттук каттам иштебей тургандыгын жарыялаган болчу.