Биринчи-вице-премьер Артём Новиков Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына барды. Бул тууралуу Новиковдун социалдык тармактагы баракчасында жазылды.
"Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Өрүк, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынын 7 миң 93 жергиликтүү тургуну эвакуациялангандыгы жөнүндө маалымат берилди. 6 миң 79 тургун туугандарынын үйүнө жайгаштырылган. Эвакуацияланган адамдар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана эң керектүү буюмдар менен камсыз болушту", - деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Баткен облусунда жүрөт.