Баткендеги Интернационал айылынын башчысы бир суткадан бери барымтадан бошотула элек

Баткендеги Интернационал айылынын башчысы бир суткадан бери барымтадан бошотула элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Интернационал айылынын башчысы барымтадан бошотула элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, кечээ Лейлек районунун Интернационал айылынын Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон Жилой дом участкасына жакын аймакта Кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда, Тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.

Бул факты Лейлек РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "тынчтыкка каршы кылмыштар" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tatu_8889
2021-05-01 18:48:57
Олтуруп койгуча бошотушсун
+4
nazira...
2021-05-01 20:39:30
Бирдиктүү реестрине кяттялды, сөткө чейинки өндүрүшкө алинди деп коюп отура бергиле кыйраткансып. Ал жакта ал адамды 2 кундөн бери не гана кылып атышат, өзүңөрдү ошонун оордуна коюп көрбөйсүңөрбү.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан