Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.
Руслан Казакбаев 28-30-апрелде Баткенде орун алган окуялар жана учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдап, жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды кыргыз тарабы кармануу ниетинде экендигин баса белгиледи.
Эки өлкөнүн министрлери курмандыктарга жана жабыркоого алып келген чыр-чатакты бир гана саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгы боюнча бирдей пикирде болушту.
"Орусия Кыргыз өлкөсүнүн ишеничтүү өнөктөшү болуу менен бирге чек арадагы кырдаалга байкоо салып, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз мамлекети тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерди кубаттай тургандыгын белгиледи. Сергей Лавров Орусиянын кырдаалдын андан ары турукташуусу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жаңжалдан жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди".
Кыргыз Республикасы менен Орусиянын тышкы иштер министрлери алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралардын алкагында жакын арада жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашты.