ИИМ: "2-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында кырдаал туруктуу"

Баткен облусунда жарандардын коопсуздугун коргоо максатында ар бир айылда коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

"Чек арага жакын айылдардагы коопсуздук абалы толугу менен көзөмөлдө. Азыркы мезгилде чек арага чектеш аймактарда абал тынч. Түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан блок посттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Куралдуу кагылышуунун каардуу күндөрүн башынан өткөргөн Баткен облусунун чек арага чектешкен бардык айылдары толугу менен кайтарууга алынып, блок посттор коюлуп, милициянын кайгуул топтору коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Алсак, Баткен облусундагы Баткен району боюнча Аксай, Көкташ, Самаркандек, Орто-Боз айылдарында, Сүлүктү шаары боюнча Кызыл-Бел участкасында коюлган блок посттордо милициянын кайгуул топтору, Кызыл-Кыя шаары боюнча коюлган блок посттордо милициянын беш кайгуул тобу, Кош-Булак участкасында, Сүлүктү шаарында милициянын эки кайгуул тобу, Кадамжай районунун Бүргөндү, Кадамжай айылдарында коюлган эки блок постто жана Уч-Коргон, Айдаркен, Бүргөндү айылдарында милициянын үч кайгуул тобу, Лейлек району боюнча Исфана шаарында коюлган блок постто, Кулуңду, Интернационал, Арка-1, Арка -2, Достук , Жаштык, Ак-Арык, Разаков айылдарында милициянын кайгуул топтору, Баткен шаары боюнча Кызыл-Жол айылында коюлган блок постто, Баткен шаарынын аймагында төрт милициянын кайгуул тобу коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында түнкү жана күндүзгү күзөттө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу толугу менен кыргыз милициясы тарабынан көзөмөлгө алынып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте коопсуздук сакталып, ар кандай тартип бузууларга жол берилген эмес.

"Милициянын бардык кайгуул топтору ыктыярдуу элдик кошундардын, айыл, квартал башчылары менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо максатында жалпы милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө.

Бул аймактарда жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоону ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков толугу менен көзөмөлгө алып, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялап, жергиликтүү бийлик органдары, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте кайгуул топторун уюштурууну колго алган. Ал эми Баткен облусундагы коомдук тартипти сактоо иш-чараларын толугу менен ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жөнгө салууда тийиштүү тапшырмаларды берүүдө", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан