Бактыга жараша жарылбай калган. Баткендеги Ортобоз айылындагы турак үйдөн авиациялык ракета табылды

Баткен районуна караштуу Ортобоз айылынын тургунунун үйүнөн авиациялык ракета табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 2-май саат 13.00гө карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туралуу маалымдап жатып билдирди.

Маалым болгондой, 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” тик учагы менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлерине абадан чабуул жасаган учурда Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылган. Авиаракета жарылбай калгандыктан, ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес.

Учурда чек ара аймактарындагы абал тынч. Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлер курамынан турган биргелешкен комиссиясы кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгашкан жайларына тартып кетүү иштерин улантууда.

Бүгүн Баткен районунун Карабак айылынын жана Головной суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты. Азыркы тапта комиссия Баткен облусунун Баткен районунун Аксай жергесинде иштеп жатат.

Коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек ара чыр-чатагы башталгандан тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулган. Ал жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 178 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
emirchik
2021-05-02 14:30:39
Кыргыздарды Ит Аткандайле Атыптырда Ошол Вертолёт 40 минутадай Айылдын устунон Айланып учуп атып журуптурго Ошону атып тушуруп койсо болмокта
+4
Nurtilek82
2021-05-02 14:38:06
ПВО кана же ал дагы иштебейби
0
bond02
2021-05-02 14:53:59
Вертолёт менен бомбаласа деле отура бергидей го биздики, сабыр кылгыла убакыт бергиле деп.
+9
SHaidulda
2021-05-02 19:44:15
Ошончо жерден курал менен кирип келип аз келгенсип аба соккуларын кылса да унчукбаган калк экенбиз да
+3
Nuran-1982
2021-05-02 21:03:32
Дагы куйгон уйлорду толоп бергиле деп айтпайбыз дешетко биздин сабырдуулар. Озу бюджет болбой жатса озубуздун кучубуз менен калыбына келтиребиз дешет. Эл аралык сотко берип келтирилген чыгымды толотуш керек.
+2
Nuri1988Elim2010
2021-05-02 23:28:12
Эх кыргызым.
Бирок Таджикстан артында бир мамлекет барго, ошого биз тарап жооп кыла албады, тынч чечүүгө аракет кылды. Эгер биз тарап жооп кылса бизди жөн эле кырып коймок абал курчуп кетмек. Бул иштердин артында биздин айрым депутаттарда барго.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан