Баткенде жабыркагандарга Beeline гуманитардык жардам жөнөттү

"Скай Мобайл" (TM Beeline) уюлдук оператору өлкөдөгү оор мезгилде четте калбай, Баткендеги тышкы агрессиянын натыйжасында, жабыр тарткан үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам жөнөттү. Учурда Исфана шаарындагы эвакуацияланган үй-бүлөлөргө азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары жана туташтырылган пакети бар SIM-карта менен камсыз кылып, жардам көрсөтүлдү.

"Баткендеги өзгөчө чыр-чатактуу кырдаал, жашоочулардын өз коопсуздугу үчүн көчүп кетүүгө аргасыз кылды. Биздин мекендештерибиз кыйын абалга туш болуп, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай оор мезгилде Beeline четте тура албай, биздин жарандарга жана алардын жакындарына кам көрүүнү чечти. Ошондуктан 2-май, жекшемби күнү Максат, Арка, Борбордук жана Интернационал айылдарынан качып, азыр Лейлек районундагы убактылуу жайгаштыруу борборлорундагы жабырлануучуларга компаниянын атынан биздин кызматкерлер гуманитардык жардам жөнөттү.

Биз жүктү азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары түрүндө жөнөтүп жана 4 апта ичинде туташкан пакети бар SIM карталарды таркаттык, ага түйүндүн ичинде жана сыртында акысыз мүнөттөр, ошондой эле 25 ГБ интернет кирет.

Ошондой эле тышкы агрессордун аракеттеринен улам курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө биз көңүл айтабыз, жандары тынч болсун. Жабыркагандардын баарына чың ден соолук жана тез сакайып кетишин каалайбыз", - деп билдирди Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов бөлүштү.

Мындан тышкары буга чейин компания биринчилерден болуп Баткен облусунун абоненттерин WhatsApp тиркемесинде акысыз байланыш менен камсыз кылып, облустун бардык жашоочулары үчүн жеткиликтүү болду. Ошондой эле кагылышуу болгон жердеги аскер кызматкерлери үчүн 20 ГБ интернет 30 күнгө бөлүндү. "Жакындары менен ар дайым байланышта болуш керек, айрыкча учурдагыдай чыр-чатактуу кырдаалда" деп компаниянын ишкерлери айтууда.

Учурдагы кырдаалды эске алып, Beeline өлкөбүзгө тынчтык жана бейпилдик каалайт.

Beeline: Сизге жана жакындарыңызга кам көрүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан