Чек ара чырында Исфана шаарына эвакуацияланган дээрлик 26 миң адамдын 22 миңи кайтып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган шаардын администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда үй-жайы өрттөнгөн тургундар гана калышты.
"Эвакуацияланган жарандардын көпчүлүгү өз үйлөрүнө кайтып кетишти. Калгандардын көпчүлүгү Максат айылынын турак жайы өрттөлгөн тургундары. Жалпы 26 миңдей тургун качып келишкен. Арасында тажик улутундагы биздин жарандар да бар. Баскынчылар эч кимди аяшпаптыр.
Азыркы учурда тамак-аш, дары дармектен кыйынчылык жок. Гуманитардык жардамдар жетиштүү деңгээлде келип жатат", - дешти шаардык администрациядан.