"Эмне кыла турганымды ойлонгонго убакыт жок". Ангела Меркель отставкага чыккандан кийинки пландары менен бөлүштү

Германиянын канцлери Ангела Меркель отставкага чыккандан кийинки пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу саясатчы Нидерланды өлкөсүнүн фашисттик баскынчылардан бошотулгандыгынын 76 жылдыгына арналган иш-чарада билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Меркелдин айтымында, анын канцлердик кызматы аяктагандан кийин келечегин ойлоп көрүүгө азырынча убактысы жок. "Пандемия учурунда иш менден азыр көп нерсени талап кылат, андыктан кийин эмне кыларымды ойлонгонго убакыт жок. Отставкага чыккандан кийин бир аз уктап, жаратылышта сейилдеп, анан так эмне кылгым келгенин ойлоном. Мен ал күндөрдү чыдамсыздык менен күтүп жатам, бирок ортодо өз жумушумду аткарып жатканыма кубанычтамын".
Айта кетсек, Германияда кезектеги парламенттик шайлоо ушул жылдын сентябрь айында өтөт. Ал эми Ангела Меркель 2018-жылы акыркы мөөнөткө шайланганын айтып, кийинки мөөнөткө талапкерлигин койбой тургандыгын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2021-05-06 00:02:54
Рыбалкага барыныз эже
+3
Shabi
2021-05-06 00:18:01
Кыргызстанга кел,бизде не кылаарын билбеген,бош адамдардын баары митингке чыгат,ал жактан зээрикпейсин
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан