Чек ара кызматы Бишкек жана Ош аэропортторунда Тажик жарандарынын кармалуусу боюнча билдирүү таратты

УКМКнын Чек ара кызматы ютуб каналдардын биринде укук коргоочу Валентина Чупиктин "Тажик жарандарын Бишкек жана Ош шаарындагы аэропортто аларды көпкө кармап, туура эмес мамиле кылып жатат" деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.

"Башка улуттун жарандарын Кыргыз мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү жарандыкка, улутка, расалык жана этностукка бөлбөй, жалпы тартипте жүргүзүлөт. Ал эми "Кызыл-Бел унаа жол" өткөрүү пункту тажик тараптын аткылоосуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Ушул шарттарда Кыргыз өлкөсүнүн аэропортторунан үйүнө кайткан Тажикстан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эки маршрут уюштурулган.

Тажик жарандары Өзбекстан аркылуу өткөрүү пункттарына жеткирилет дагы "Бордо унаа жол" жана "Карамык унаа жол" бөлүктөрүндөгү өткөрүү пункттарына жеткирилип, ал жерден тажик чек арачыларына өткөрүп берилет.

Эки учурда тең Тажик жарандары өткөрүү пункттарына кыргыз тараптын автобустары менен жеткирилет. Валентина Чупиктин негизсиз билдирүүлөрүнө карабастан, Тажик жарандары Кыргыз өлкөсүнүн аэропортторун колдонууну улантышууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigit25
2021-05-06 11:09:52
Эгер тажик тарап болгондо ур токмокко алып олтурмок жарым жан кылып
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан