Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү ыйгарым укуктарын акимдерге берүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.
Депутат Замирбек Эсенаманов мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилик кызматтарына талапкерлерди тандоо процессин жөнгө салуу жана райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин ролун күчөтүү максатында иштелип чыккандагын белгиледи. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысына - акимге айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугун берүү сунушталууда. Мындан сырткары талапкерлерди көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого байланышкан мөөнөттөрдү кыскартуу сунушталып жатат.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого талапкерлерди тандоонун эрежелери жана процесси, талапкерлерди кадрлардын муниципалдык резервинен тандоонун механизмдери тууралуу маселелерди көтөрүштү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Аалы Карашев айтылган сунуш-пикирлердин баары мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоонун алкагында караларын билдирди.