Жарандык активист Жеңиш Молдокматов камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.
"Бүгүн ал ИИМге эки жолу сурак берди. Экинчи жолку сурактан кийин ага "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган" деген айып коюлуп, Бишкектин убактылуу кармоочу жайына алып кетишти", - деди Турдалиев.
Буга чейин Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине сурак берип чыкканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.