"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетинен 92 миллионго чукул бейтап сакайды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 155 миллион 631 миң 135 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 91 миллион 922 миң 278 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 251 миң 647 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 7-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 603 миң 943 болду. 580 миң 54 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 21 миллион 77 миң 410 адамдан аныкталды. 230 миң 168 адам каза болсо, 17 миллион 280 миң 844 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 3 миң 563 адам вируска кабылган. 416 миң 949 бейтап көз жумса, 13 миллион 269 миң 684 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан