УКМК: "Тажик тарап Лейлек районунда чек ара кезметин коюуга аракет кылды"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-май саат 22.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдады.

Белгилүү болгондой, бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-1 жерлигинин тушунда тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргыз чек арачыларынын мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын тажик тарап ошол эле замат аткарган.

Мындан сырткары, УКМКнын Чек ара кызматы "тажик тараптан кулпунай контрабандалык жол менен өткөрүлүүдө" делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

"Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 килограмм кулпунай сатууга аракет кылган, бирок Тажикстандын чек арачылары тажик жаранынын аракетине өздөрү бөгөт койгон.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы контрабандалык иштерге бөгөт коюу жумушун мамлекеттик органдардан сырткары Кыргыз өлкөсүнүн чектешкен аймагындагы жарандык коом да көзөмөлгө алышууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kyrgyz_bloger
2021-05-08 01:59:04
Кезмет деген эмне?
+3
Asmat84
2021-05-08 03:02:08
Kyrgyz_bloger, мен да түшүнбөдүм ошого
0
Nuuman
2021-05-08 10:08:20
Kyrgyz_bloger,наряд
0
Mr.altynbek
2021-05-08 11:05:53
Kyrgyz_bloger,кыргыз тилин уйрон же армияга бар
+2
ulanbek2000
2021-05-08 23:44:46
Mr.altynbek, билсең жөн эле айтып койда. Үстүнөн күлбөй
0
Jacob.
2021-05-08 03:18:08
Наряд
0
zhunusali
2021-05-08 03:20:03
Чек арачылар 10кг ды корот да,10 тоннаны корбйт эч качан.
+12
Muslim_KGstana.
2021-05-08 05:01:33
Блин ушундай да туппой болобу э Тажиктер???
+4
munduz2016
2021-05-08 06:48:35
10килограмм гашишпи десем кулпунай экен)))
+6
Jigit25
2021-05-08 12:13:00
munduz2016,ха ха ха эздинго. Тонналап бадыран помидор келе жатат.аларды кармаган адам жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан