Сот аткаруучулар тарабынан мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө Ысык-Көл районунда сот аткаруучулар тарабынан 1 173 634 сом акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды.
Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн айрым жооптуу кызматкерлери соттун чечими боюнча аталган райондун Кара-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринин мүлкүн сатышкандан кийин сатылган мүлктөн мамлекетке чегерилүүчү 10 пайыздык сумманы өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Прокурордук актынын негизинде келтирилген зыян толугу менен ордуна коюлду.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.