Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу чечим бүгүн комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин түштүк борбордогу 78 жердин 27синде жыйынтыктар жараксыз деп табылган. БШК жумушчу топтун сунуштамасын колдоду.
Анын мүчөлөрү буга чейин Ош шаарында 11-апрелде шайлоо күнү, ошондой эле айрым партиялардын талапкерлери тарабынан үгүт өнөктүгү учурунда болгон массалык мыйзам бузуулар үгүт өнөктүгүнүн мыйзамдуулугуна шек жараткан деп билдиришкен.
Шайлоодо жеңишке жеткен партиялар:
"Ата Журт Кыргызстан" - 27 мандат; "Улуттар Биримдиги" - 11 орун; "Ыйман Нуру" - 4 мандат; "Ынтымак" - 3 мандат.