Кыргыз өлкөсү "Кумтөрдөн" 10 миллиард доллардын тегерегинде пайда көрө алат. Бул тууралуу "Кумтөр" боюнча депуттаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
"Депутаттык комиссиянын "Центерра Голд" компаниясына койгон доосу 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар. Анын 3 миллиард 86 миллионун экологиялык жоготуулар, 1 миллиард 166,5 миллиону салык түзөт.
Мындан сырткары казылып алына элек 106 тонна алтынды мамлекеттин карамагына кайтардык. Жакын арада аталган алтынды Кыргыз өлкөсүнүн менчиги деп тааныган мыйзам долбоору кабыл алынат деген үмүттөмүн.
Президенттер, премьер-министрлер буга чейин Кумтөр, Жер үй сыяктуу кендерди сатып келишкен. Алгачкы жолу биздин өлкөнүн депутаттык комиссиясы 4,252 миллиард доллар доо коюп, 106 тонна алтынды өлкө капчыгына кайтарып жатат. Бул алтынды жакынкы 5-10 жыл аралыгында казып алууга мүмкүн. 106 тонна алтындын баасы 5 миллиард доллардан ашык акча болот. Жыйынтыктоочу сумма 10 миллиард доллардын тегерегинде болуп жатат. Өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде биз бул каражаттын бир бөлүгүн азыр өндүрүп, калган бөлүгүн казып ала алабыз. Муну биз соттон далилдеп, баарын ачык көрсөтүүгө кудуретибиз жетет", - деди Жапаров.