Америкалык алып баруучу Эллен Дедженерес 19 жылдан бери эфирге чыгып келген өзүнүн шоусун жапкандыгын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, долбоор 2022-жылы ишин токтотот.
Алып баруучунун айтымында, чыгармачыл адамга ар дайым татаал жана кызыктуу маселелерди чечүү керек - шоу канчалык сонун болбосун, ал андай болбой калды.
Дедженерес буга чейин программаны 2019-жылы, 16-сезон аяктагандан кийин жабуу жөнүндө ойлонгонун моюнуна алган, бирок продюсерлер аны долбоордогу ишти дагы үч жылга узартууга көндүрүшкөн.