Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова "Центерра Голд" компаниясына карата дагы бир чоӊ доону койсо боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Бул компания мыйзамдарды так сактарын, алардын иши эл аралык жогорку стандарттарга жооп берерин байма-бай айтып келет. Бирок өнөр жай гигиенасы боюнча эл аралык аудит 2008-жылы жумуш жүргүзүлгөн аймакта коргошундун катышы 2,5 - 3,5 эсе жогору экенин аныктаган. Көрсө, компаниянын кызматкерлери граммдын ордуна миллиграммды, куб метрдин ордуна литрди көрсөтүп келишкен экен", - деди Динара Кутманова.