реклама
super.kg logo
  Спорт  

Спортчу Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат

 
Спортчу Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында 16-майдан 20-майга чейин Харьков шаарында (Украина) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга жана андан ары 21-23-май күндөрү ошол эле шаарда фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, спортчу 16-майдан 24-майга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Харьков шаарына жөнөтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: