Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы К.Н. аттуу жаранга карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59 миллиард 500 миллион сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгарып кетүү боюнча эки жаран кармалды.
"Такталгандай, аталган эки жаран акча чогултуп, банк аркылуу Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө которуп турган. Учурда аталган коррупциялык схеманын уюштуруучуларын жана башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары аталган кылмыш ишине шериктеш 1973-жылы туулган Б.Ж аттуу жаранды издөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.