Казакстан убадалаган ундун биринчи партиясы Кыргыз өлкөсүнө келип түштү

Бүгүн, 18-майда Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө 4,5 миң тонна ун гуманитардык жардам катары келди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын элчилигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктү тапшыруу иш-чарасына Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев катышты.
"Гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 75 вагон ун бардык санитардык нормаларды так аткаруу менен келип түштү" деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, буга чейин Казакстан Кыргыз өлкөсүнө 10 миң тонна ун гуманитардык жардам катары жөнөтөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2021-05-18 17:00:47
Аллах ыразы болсун казах баурларга
+2
PFC-CSKA
2021-05-18 17:27:21
Аллах ыразы болсун туугандарга!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан