"Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы" мамлекеттик ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы" мамлекеттик ишканасынын жеке кызматкерлери маркумду көмүүдө аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1000 доллардан 5000 долларга чейин сый акы алып жүрүшкөн.
"18-майда сотко чейинки териштирүү материалдардын алкагында аталган ишкананын кызматкери маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.
Эске салсак, бош жер калбаганына байланыштуу Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө сөөк коюу 2021-жылдын 1-январынан тартып токтотулган.