Кыргыз блогерлери Өзбекстанга тажрыйба алмашуу үчүн кетишти. Бул тууралуу актриса, алып баруучу Назира Айтбекова SUPER.KG порталына билдирди.
"Өзбекстанга бул жактын блогерлери менен таанышып, тажрыйба алмашуу, достукту бекемдөө, маданияты менен таанышуу үчүн келдик. Ошондой эле биз менен чогуу бишкектик "Азия голл" балдар футбол командасы да бар. Алардын матчы Ташкентте болот. Беш команда арасында достук Кубогу өтөт. Балдарыбызга да колдоо көргөзөбүз", - деди ал.
Ошондой эле ал Эмил Эсеналиев, Эрмек Таалайбеков, Баястан, Айжан Асемова, Бакыт Макеев аттуу блогерлер барганын кошумчалады.