Бишкек шаарында уурулук фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 14-май күнү Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында белгисиз жарандар 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен баасы 10 миң сом турган велосипедин уурдап кеткендигин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда аталган жарандын дагы башка фактыларга тиешеси бар же жогу аныкталууда.